АКШ Түндүк Кореяга чакырык салды
АКШ Түндүк Кореяга «чагымчыл» кадамдардан баш тартуу жана сүйлөшүү столуна кайтууга чакырды.
АКШ Түндүк Кореяга «чагымчыл» кадамдардан баш тартуу жана сүйлөшүү столуна кайтууга чакырды.
Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мэтью Миллер, Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын өлкөсүнүн борбор шаары Пхеньянда өткөрүлгөн аземде 250 жаңы типтеги баллистикалык ракета аткычтарын тапшырганын жарыя кылганы жөнүндөгү кабарга байланыштуу билдирүү жасады.
Миллер пресс-брифингде : «Биз Түндүк Кореяны чагымчылдык кадамдарын улантпоого жана сүйлөшүү үстөлүнө кайтууга чакырабыз»,- деди.
Миллер Пхеньян башкаруучулугунун өзөктүк сыноо мүмкүндүгү тууралуу суроого : «Эч кандай баамым жок»,- деп жооп берди.
Түндүк Кореянын Борбордук маалымат агенттигинин (KCNA) 5 - августтагы кабарына караганда, Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Пхеньянда 250 жаңы типтеги баллистикалык ракета аткычтарын тапшыруу аземине катышкан.
Ким аземде жаңы аткычтардын фронттук аскерлерге Түштүк Кореяга каршы "абдан чоң аскердик күч" берерин жана "тактикалык" өзөктүк куралды колдонууну практикалык жана эффективдүү кылаарын айткан.