Пезешкиан: «Сионисттердин бул текебердиги жоопсуз калбайт»
Иран мамлекеттик телеканалынын кабарына караганда президент Пезешкиан борбор шаар Тегеранга барган Иорданиянын тышкы иштер министри Айман ал-Сафедини кабыл алды.
Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Израилдин өткөн аптада ХАМАСтын лидери Исмаил Ханийенин өз өлкөсүндө өлтүрүшүн «жоопсуз калбай турган чоң жаңылыштык» деп билдирди.
Иран мамлекеттик телеканалынын кабарына караганда президент Пезешкиан борбор шаар Тегеранга барган Иорданиянын тышкы иштер министри Айман ал-Сафедини кабыл алды.
Жолугушууда Пезешкиан Иранда расмий конок болгон Хамастын Саясий бюросунун башчысы Ханийенин өлтүрүлүшүн эл аралык мыйзамдарды бузуу экенин белгилеп, өлтүрүүнү «Израиль режиминин жоопсуз калбай турган чоң катасы» деп мүнөздөдү.
Пезешкиан: «Сионисттердин бул текебердиги жоопсуз калбайт»,-деп айтты.
Ирандын тышкы саясатынын аймакта жана дүйнөдө ырааттуулукту биринчи орунга койгонун белгилеген Пезешкиан, Израилдин палестиналыктарга карай кол салууларын токтотуу үчүн ислам өлкөлөрүнүн биргелешип иш-аракеттеринин маанилүүлүгүнө басым жасады.
Аймакта күчөгөн чыңалууну сүйлөшүү үчүн Иранга барганын белгилеген Сафеди болсо, Тегеран менен Аммандын ортосундагы пикир келишпестиктерди жоюу үчүн Иорданиянын падышасы 2-Абдулла тарабынан ачык жана так диалог куруу милдетин алганын белгиледи.
Сафеди Пезешкианга Иорданиянын королу Абдулланын саламын жана ийгилик каалоолорун айтып: «Иордания сионисттик режимдин Газадагы ырайымсыз агрессиясын башынан эле айып келет»,-деди.
Израилдин Ханийени өлтүрүшүн да айыптагандарын белгилеген Сафеди, Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяхунун өлтүрүү менен аймактагы кагылышуулардын чөйрөсүн кеңейтүүнү каалаганына көңүл бурду.
Иорданиялык министр бул сапарды Израилден Иранга же Ирандан Израилге билдирүү үчүн жасаган деген кабарларды четке какты.