80 палестиналыктын сөөгү чогуу жерге берилди
Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Израилдин бүгүн 80 палестиналыктын сөөгүн тапшырганы белгиленди.
Израиль армиясы өткөрүп берген 80 палестиналыктын сөөгү Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан Юнус шаарында жерге берилди.
Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Израилдин бүгүн 80 палестиналыктын сөөгүн тапшырганы белгиленди.
Билдирүүдө Израилден алынган сөөктөрдүн Хан Юнус шаарындагы Түрк көрүстөнүнө коюлганы кабарланды.
Палестинанын расмий агенттиги WAFAдагы маалыматта, Израиль армиясынын Газа тилкесиндеги көрүстөндөрдөн мурда алып кеткен 84 сөөктү кайтарып бергени айтылды.
Кабарда сөөктөрдүн Эл аралык Кызыл Крест комитети аркылуу жеткирилгени, сөөктөрдүн Хан Юнуска коюлганы баса белгиленди.
Израилдин Газа тилкесинде 7-октябрдан берки кол салууларында кеминде 16 миң 314ү бала, 10 миң 980и аял жалпы 39 миң 623 палестиналык каза болуп, 91 миң 469 киши жараланды.