Украина Орусияга таандык «Ростов На Дону» суу астындагы кемесин атып чөктүргөнүн жарыялады
Украинанын Башкы штабынын социалдык медиа эсебинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Орусия тарабынан мыйзамсыз түрдө аннексияланган Крым жарым аралында орус деңиз күчтөрүнө жана абадан коргонуу системаларына чабуул жасалганы белгиленди.
Украинанын Башкы штабы Орусиянын Кара деңиз флотуна таандык «Ростов На Дону» суу астындагы кемесин атып чөктүрүшкөнүн жарыялады.
Башкы штабдын социалдык медиа эсебинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Орусия тарабынан мыйзамсыз түрдө аннексияланган Крым жарым аралында орус деңиз күчтөрүнө жана абадан коргонуу системаларына чабуул жасалганы белгиленди.
Билдирүүдө орус армиясынын С-400 «Триумф» ракетадан коргонуу системасынын 4 аткычынын Украинанын ракеталык жана деңиз күчтөрү бөлүкчөлөрүнүн биргелешкен чабуулдарынын натыйжасында олуттуу зыянга учураганы белгиленди.
Чабуулда Орусиянын Кара деңиз флотуна караштуу Севастополь портунда жайгашкан «Ростов На Дону» аттуу суу астындагы кемеге да сокку урулганы белгиленип, суу астындагы кеменин чөгүп кеткени билдирилди.