Израилдин Газага кол салуулары тыйыла элек

Газадагы Жарандык коргонуу бөлүмү тарабынан жасалган билдирүүдө Израиль армиясынын Газанын түндүгүндөгү Шейх Рыдван районунда жайгашкан Хамаме деп аталган мектепти бомбалаганы билдирилди.

2171052
Израилдин Газага кол салуулары тыйыла элек

Израилдин Газа тилкесинде жер которгон адамдар баш калкалаган эки мектепке кол салуусунан 25 палестиналык каза болду.

Палестинанын кабар агенттиги (WAFA) Израилдин Газанын Наср районундагы эки мектепке кол салганын жарыялады.

Наср аймагындагы Ансар жана Хасан Салама мектептерине  абадан кол салуудан кеминде 25 палестиналыктын каза болгондугу жана көп сандаган жайкын тургундардын жараланганы билдирилди.

Маалым болгондой, жабыркагандар баптист ооруканасында дарыланышты.

Бир тараптан Израиль Газанын түштүк-чыгышындагы Зейтун аймагындагы жарандарды да аткылады.

Израиль армиясынын Газада жер которгон палестиналыктар баш калкалаган мектепке кол салуусунан арасында балдар да болгон 16 палестиналык каза болду.

Газадагы Жарандык коргонуу бөлүмү тарабынан жасалган билдирүүдө Израиль армиясынын Газанын түндүгүндөгү Шейх Рыдван районунда жайгашкан Хамаме деп аталган мектепти бомбалаганы билдирилди.

Билдирүүдө Израиль армиясынын мурунку кол салуудан кыска убакыт өткөндөн кийин ошол эле аймакты 3 ракета менен бомбалаганы белгиленди.

Кол салууларда арасында балдар да болгон 16 палестиналыктын каза болгондугу, көп сандаган кишинин жараланганы билдирилген маалыматта жаралуулардын саны тууралуу азырынча маалымат бөлүшүлбөй жатканы белгиленди.

Израиль армиясы блокададагы Газа тилкесинин борбордук бөлүгүндө жайгашкан Дейр ал-Белах шаарындагы Акса шейиттери ооруканасынын короосунда чатырларда жаткан палестиналыктарды да бутага алды.

Кол салууда кеминде 5 киши каза болуп, көптөрү жараат алды.

Израилдин Газадагы палестиналык үй-бүлөлөргө таандык эки үйдү бутага алышынын натыйжасында 11 киши каза болду.

Ошол эле учурда Палестинанын туткундары коому жана Палестинаны боштондукка чыгаруу уюмуна караштуу туткундар жана боштондукка чыккан делегация 2023-жылдын 7-октябрынан 2024-жылдын августуна чейин Батыш Шериада жана Кудста кармалган палестиналыктарга байланыштуу отчетун жарыялады.

Отчетто 2024-жылдын август айынын башына чейин Израилдин түрмөлөрүндөгү жалпы туткундардын саны болжол менен 9 миң 900 экени белгиленди.

Бир тараптан Израилдин кол салууларынан улам Газадагы Жарандык коргонуу уюмунун техника жана унааларынын 60 пайыздан ашыгы жараксыз абалга келгени белгиленди.

Жарандык коргонуу уюму тарабынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) уюмдары менен көптөгөн кеңешмелер жана жолугушуулар жана бул уюмдардын күйүүчү май менен камсыздоо убадаларына карабастан, керектүү күйүүчү майдын уюмга берилбегени белгиленди.



Тектеш кабарлар