Иранда кумдуу бороон...
Tasnim агенттигинин маалыматына ылайык, Систан-Белужистан провинциясындагы кум бороон-чапкыны өзгөчө провинциянын түндүк аймактарына таасирин тийгизди.
2171079
Ирандын Систан-Белужистан провинциясында акыркы 5 күндө кум бороонунан жабыркаган 1362 адам ооруканага жаткырылды.
Tasnim агенттигинин маалыматына ылайык, Систан-Белужистан провинциясындагы кум бороон-чапкыны өзгөчө провинциянын түндүк аймактарына таасирин тийгизди.
Забул, Захек, Хамун, Хирмен, Нимруз, Захидан, Миркаве, Нусрат Абад, Хаш, Сараван, Ираншахр жана Мехристан шаарларында болгон бороон бир миллионго жакын адамдын жашоосуна терс таасирин тийгизсе, акыркы 5 күндө 1362 киши ооруканаларда дарыланды..
Систан-Белужистанда «120 күндүк бороондор» деп аталган шамалдын күчү күчөгөн күндөрү дем алуу органдарынын оорулары менен ооруган миңдеген адамдар ооруканаларга кайрылышат.