Бангладештеги нааразылык акциялары: 48 адам каза болду
Өлкөдө өкмөткө каршы демонстрациялар өткөн жумалардагы «коомдук квота чечими» демонстрацияларында 200дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылгандан кийин уланууда.
Бангладештеги Боштондук согушуна катышкандардын үй-бүлөлөрү үчүн коомдук квота бөлүнгөндөн кийин башталган нааразылык акцияларындагы зомбулукка көңүл буруу үчүн уюштурулган өкмөткө каршы демонстрацияларда 48 киши каза болду.
Өлкөдө өкмөткө каршы демонстрациялар өткөн жумалардагы «коомдук квота чечими» демонстрацияларында 200дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылгандан кийин уланууда.
Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, кайра башталган демонстрацияларда «салык төлөбөө жана жумушка барбоого» чакырган демонстранттар аймактагы кээ бир коомдук имараттарга кол салып, бир нече унааны өрттөшкөн.
Бийликтер өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы нааразылык акциялары учурунда полиция менен бийликтеги Авами Лига партиясынын тарапкерлери менен демонстранттардын кагылышуусунан 48 киши өлүп, жүздөгөн адамдар жарадар болгонун кабарлашты.
«Дакка трибюн» газетасынын билдируусунө караганда, Ички иштер министрлигинен жасалган билдирүүдө Дакка жана кээ бир аймактарда «эгер башкасы айтылбаса, мөөнөтсүз коменданттык саат» жарыяланганы белгиленди.
Кошумчалай кетсек, өкмөт өлкөдө 3 күндүк эс алуу күнүн жарыялаган.
Июлдун аягынан бери өлкөдө коменданттык саат киргизилип, маал-маалы менен жарым-жартылай алынып салынган.