Түркмөн газы Түркиядан сатылат

Түркия энергетикалык борбор болуу жолунда ишенимдүү кадамдар менен алдыга жылууда.

2170877
Түркмөн газы Түркиядан сатылат

Түркия жаратылыш газында борбор өлкө болуу максатына карай алдыга умтулууда. Бул багытта Түркмөнстандын газын Азербайжан аркылуу Түркияга, андан кийин Европага жеткирүү боюнча иштер дээрлик аяктады. Биринчи этапта 2 миллиард куб метр газдын  Түркияга алып келиниши күтүлүүдө.

Геосаясий жайгашуусунун күчүн да колдонгон Түркия, Түркмөнстандын газын Европага өткөрүүдө үй ээлик кылууга даярданууда. Россия-Украина согушунан кийин Европада энергетика кризиси күчөп, альтернативдүү маршруттар каралууда.

Түркия-Түркмөнстан энергетикалык кызматташтыгы

Түркмөнстан да бул альтернативдердин бири болуп саналат, бирок түркмөн газынын Европага жеткирилиши үчүн Түркиянын бул теңдемеге кошулушу зарыл. Түркия менен Түркмөнстандын ортосунда биринчи этапта өз ара түшүнүшүү меморандуму даярдалды. Келишимде жаратылыш газы жана көмүрсуутек тармагында маанилүү кызматташтыкка орун берилди.  Андан кийин Түркия менен Азербайжан ортосунда жаратылыш газы тармагында кызматташуу келишимине кол коюлду.

Акыркы жолу Энергетика жана жарытылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар Түркмөнстанга эки күндүк маанилүү сапар менен барды. Сүйлөшүүлөрдүн эң негизги талкуу темасы жаратылыш газы жана мунай болду.

Биринчи этапта жылына 2 миллиард куб метр түркмөн газынын Түркияга жеткирилиши пландалууда. Андан кийин бул кубаттуулукту жогорулатуу максат кылынууда.

Түркмөн газынын Түркия аркылуу Европага сатылышы Түркиянын энергетикада соода борбору болуу максатына да салым кошот.



Тектеш кабарлар