Түркия Сомалиде болгон кол салууну айыптады

Тышкы иштер министрлиги Сомалинин борбор шаары Могадишодо кечээ жасалган террордук кол салууга байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

2170918
Түркия Сомалиде болгон кол салууну айыптады

Түркия Сомалидеги террордук кол салууну «катуу түрдө айыптагандыгын» жарыялады.

Тышкы иштер министрлиги Сомалинин борбор шаары Могадишодо кечээ жасалган террордук кол салууга байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

Билдирүүдө : "Сомалинин борбор шаары Могадишодо кечээ  болгон террордук кол салууда көп сандаган кишинин каза болушу жана жаралуулардын болушу тынчсыздануу жаратты. Бул жийиркеничтүү террордук кол салууну катуу айыптайбыз. Кза болгондорго Аллахтын ырайымын тилейбиз. Түркия террор менен күрөшүүдө Сомалинин  жанында болууну улантат",- деп айтылды. 

Могадишодо террордук уюм Еш  -  Шебабдын пляж жана мейманканага жасаган куралдуу кол салуусунда  32 киши каза болуп,  63 киши жараланган. 

 



Тектеш кабарлар