Сомалиде бомбалуу кол салуу болду
Кол салууда 32 киши каза болду.
Сомалинин борбор шаары Могадишодо террордук уюм Еш - Шебабдын бир пляж жана мейманканага жасаган бомбалуу жана куралдуу кол салуусунда 32 киши каза болду.
Сомалинин полиция катчылыгынан берилген маалыматта террордук уюм Еш - Шебаб мүчөлөрүнүн Могадишодогу Лидо пляжы жана Beach View мейманканасына кол салгандыгы белгиленди.
Билдирүүдө бир жанкечтинин жарандар топтолгон пляжда өзүн жардырганы, бир нече кол салуучунун мейманканага кирип ок атканы айтылды.
Кол салууда 32 киши каза болуп, 63 киши жараланды жана коопсуздук күчтөрү түнү менен кол салуучулар менен күрөшүп чыкты.
Кол салуунун чоң бир хаоско себеп болгондугу билдирилип, көп сандаган жаралуунун ооруканага жеткирилгендиги белгиленди.
Террордук уюм Еш - Шебаб кол салуунун жоопкерчилигин алды.
Тектеш кабарлар
Суданда холера эпидемиясы: 235 адам каза болду
Суданда июнь айынан бери таасирдүү болгон жамгыр жана сел холера оорусунун жайылышына алып келген.