Грецияда "Батыш Нил" вирусунан 5 киши каза болду

Бул тууралуу Грециянын Улуттук Коомдук Саламаттыкты Сактоо Уюму маалымат берди.

2170870
Грецияда "Батыш Нил" вирусунан 5 киши каза болду

Грецияда "Батыш Нил" вирусунан акыркы бир жумада 5 адам каза болду.

Грециянын Улуттук Коомдук Саламаттыкты Сактоо Уюму (EODY) тарабынан жасалган билдирүүгө ылайык, 2024 - жылы вирус өлкөнүн ар кайсы аймактарында 6 адамдын өлүмүнө себеп болду. 

Билдирүүдө бул өлүмдөрдүн бешөөсү акыркы бир жумада болгондугу белгиленди. 

Адистер чиркейлерден жекече коргонуунун маанисин баса белгилешип, вирустун өзгөчө Кардитса, Ларисса, Трикала, Иматия, Салоник жана Пела аймактарында аныкталганына көңүлдөрдү бурушту.

 



Тектеш кабарлар