Бангладештеги нааразычылык акцияларында 32 бала каза болду
ЮНИСЕФтин Түштүк Азия аймагы боюнча жооптуусу Санджай Вижесекера бул тууралуу жазуу түрүндө маалымат берди.

Бириккен Улуттар Уюмунун Балдарга жардам фонду ЮНИСЕФ Бангладеште көз карандысыздык согушуна катышкандардын үй - бүлөлөрүнө «коомдук квота» бөлүнгөндөн кийин башталган нааразычылык акцияларында 32 баланын каза болгонун билдирди.
ЮНИСЕФтин Түштүк Азия аймагы боюнча жооптуусу Санджай Вижесекера темага байланыштуу жазуу түрүндө билдирүү жасады.
Бангладештеги «коомдук квота чечимине" карата нааразычылык акцияларында 32 баланын каза болгонун белгилеген Вижесекера, көп сандаган баланын да жараланганын же камакка алынгандыгын белгиледи.
Вижесекера Бангладеш да кол койгон келишимдерге ылайык балдарды камоону токтотууну талап кылды.
Балдардын ар дайым коргоо алынышы керектигин бааса белгилеген Вижесекера мунун баарынын жоопкерчилиги экендигин айтты. Вижесекера бардык зомбулук окуяларын айыптагандарын айтып, баласын жоготкон бардык үй - бүлөлөргө көңүл айтты.