Хамас бүгүн демонстрацияга чыгууга чакырды

Хамас жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

2170321
Хамас бүгүн демонстрацияга чыгууга чакырды

Хамас кыймылы, Саясий бюронун башчысы Исмаил Ханиянын Иранда өлтүрүлүшүнө каршылык көрсөтүү иретинде бүгүн жума намаздан кийин демонстрацияга чыгууга чакырды.

Хамастын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, «Коркоктук менен жасалган кол салууну жана Газада элибизге каршы уланып жаткан геноцидди айыптоо, Палестина жерлерин, Кудс жана Месжид-и Аксаны коргоо үчүн бардык мечиттерден башталган жүрүш өткөрүлсүн»,-делди.

Билдирүүдө ошондой эле бардык мечиттерде жума намаздан кийин Хания үчүн алыстан жаназа намазынын окулушу чакырыгы айтылды.

Исмаил Хания 31-июлда Ирандын жаңы президенти Масуд Пезешкиандын ант берүү аземине катышуу үчүн барган борбор шаар Тегерандагы кол салууда өлтүрүлгөн.



Тектеш кабарлар