Ирандын кабар агенттиги Ханийеге жасалган кол салуу тууралуу маалымат берди
Иранда жүргүзүлгөн иликтөөлөр Хамастын саясий бюросунун төрагасы Исмаил Ханийеге карата кол салуунун «Израиль тарабынан жасалган аскердик кыймыл» экени аныкталгандыгын көрсөттү.

Иранда жүргүзүлгөн иликтөөлөр Хамастын саясий бюросунун төрагасы Исмаил Ханийеге карата кол салуунун «Израиль тарабынан жасалган аскердик кыймыл» экени аныкталгандыгын көрсөттү.
Ирандын жарым расмий Fars кабар агенттиги Хамастын саясий бюросунун төрагасы Исмаил Ханийенин өлтүрүлүшүнө байланыштуу алгачкы иликтөөлөрдө, өлтүрүүнүн абадан кургактыкка атылган ракета менен жасалгандыгы белгиленгенин жазды.
Төңкөрүш Гвардиясы армиясына жакындыгы менен билинген жарым расмий Fars кабар агенттиги 30 - июль күнү кечинде Иранда расмий конок катары турган турак жайында Ханийеге жасалган кол салуу тууралуу алгачкы иликтөөлөргө байланыштуу маалыматтарды бөлүштү.
Борбор шаар Тегерандын түндүгүндө Ханийе конок катары калган турак жайдын төртүнчү кабатына абадан кургактыкка бир ракетанын атылгандыгы жана жарылуунун натыйжасында Ханийе болгон бөлмөнүн терезеси менен шыбынын талкалангандыгы айтылды.
Изилдөөлөрдө кол салуунун "Израиль тарабынан жасалган аскердик кыймыл" экендигинин белгиленгендиги билдирилди.
Американын New York Times гезити Исмаил Хенийе турган үйгө бир нече ай мурда жашыруун коюлган бомбанын жарылышы менен өлтүрүлгөнүн билдирген.АКШда жарыяланган Axios сайты да бомбанын жасалма интеллект колдонгон жогорку технологиялуу бир аппарат экенин жана ал бөлмөдө Ханийе болгондугу тууралуу маалымат алган Израилдин жашыруун кызматы Моссад агенттери тарабынан алыстан башкаруу менен жардырылганын ортого салган.