Пакистанда уруулардын ортосунда жер талашы чыкты
Пакистандын түндүк батышындагы Хайбер Пахтунхва провинциясында эки уруунун ортосунда жер талашынан чыккан куралдуу кагылышууда каза болгондордун саны 43кө, жаракат алгандардын саны 180ге жетти.
Пакистандын түндүк батышындагы Хайбер Пахтунхва провинциясында эки уруунун ортосунда жер талашынан чыккан куралдуу кагылышууда каза болгондордун саны 43кө, жаракат алгандардын саны 180ге жетти.
Dawn гезитинин кабарына караганда, жетекчилер 6 күн мурда Хайбер - Пахтунхва провинциясынын Куррам аймагында Бошехра жана Маликел урууларынын ортосундагы жер талашынан чыккан кагылышуулардын уланып жаткандыгын белгиледи.
Жетекчилер түрдүү уруулардын аксакалдарынын кийлигишүүсү менен тараптардын ортосунда ок атышпоо келишиминин түзүлгөнүн жарыяласа да Куррамдын ар кайсы жерлеринде кагылышуулардын улантылып жатканын билдиришти.
Түнү бою уланган кол салуулардын натыйжасында 8 кишинин дагы каза болгондугу, 14 кишинин жараланганы белгиленди.
Акыркы 6 күндөн бери уланып жаткан кагылышууларда каза болгондордун саны 43кө, жаралангандардын саны 180ге жеткенин маалымдаган жетекчилер каза болгондордун санынын көбөйүшүнөн кооптонгондорун айтышты.
Аймактагы чыңалуунун жогору болушунан улам бардык мектептерде билим берүү, негизги жолдордогу кыймыл токтотулду.