Орус армиясы Киевге карата эң катуу дрон чабуулун жасады

Киев аскердик башкармалыгынын социалдык тармактагы билдирүүсүндө, орус армиясынын борбор шаар  Киев баш болгон Украинанын ар кайсы жерлерине дрон чабуулдарын жасагандыгы  билдирилди.

2169279
Орус армиясы Киевге карата эң катуу дрон чабуулун жасады

Орус армиясы Украинанын борбор шаары Киевге  2024 -  жылдын эң катуу дрон чабуулун жасады.

Киев аскердик башкармалыгынын социалдык тармактагы билдирүүсүндө, орус армиясынын борбор шаар  Киев баш болгон Украинанын ар кайсы жерлерине дрон чабуулдарын жасагандыгы  билдирилди.

Чабуулдарда ондогон дрондун колдонулгандыгы  билдирилген маалыматта чабуулдун негизги максаты Киев экендиги айтылды.

Июль айында дрондор менен  7 -  жолу Киевге карата кол салуу болгондугу тууралуу маалымат берилип : "Колдонулган дрон саны  боюнча 2024 -  жылы борбор шаар үчүн эң күчтүү кол салуу болду",- деп айтылды. 

Алгачкы кабарларга караганда Киевде каза болгондордун болбогондугу, аныктоо иштеринин улантылып жаткандыгы, Украинанын абадан коргонуу күчтөрү тарабынан 30дан ашык дрондун жок кылынгандыгы кабар берилди.

 



Тектеш кабарлар