Израиль Газа тилкесинде жарандык отурукташуу жерлерин бомбалады

Палестина расмий маалымат агенттиги WAFAда орун алган кабарда Израиль армиясынын Газа тилкесинин түрдүү аймактарындагы отурукташуу жерлерин түнү менен абадан кол салуулар жана артиллериялык атуулар менен бутага алгандыгы белгиленди.

2169395
Израиль Газа тилкесинде жарандык отурукташуу жерлерин бомбалады

Израиль армиясы Газа тилкесине карата кол салууларын  299 -  күнүндө да улантып, жарандык отурукташуу жерлерин бомбалады. 

Палестина расмий маалымат агенттиги WAFAда орун алган кабарда Израиль армиясынын Газа тилкесинин түрдүү аймактарындагы отурукташуу жерлерин түнү менен абадан кол салуулар жана артиллериялык атуулар менен бутага алгандыгы белгиленди. 

Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рефах шаарында  ел  - Маваси аймагында жер которгон жарандар жашап жаткан чатыр лагерлерине карата израилдик аскерлерине ок атып,  көп сандаган кишинин жаралангандыгы билдирилип, жаралуулардын аймактагы Кызыл Крест  талаа ооруканасына жеткирилгендиги билдирилди.

Кабарда Израилдин түштүктөгү Хан Юнус шаарына жасаган абадан кол салуусунда 1 жарандын каза болгондугу, 4 кишинин жараланганы, Израилдин артиллериялык бөлүктөрүнүн Газа шаарындагы Эль-Зейтун, Эш-Шукаййе жана Аль-Туфах райондорун бутага алганы баса белгиленди.

Газа шаарына жасалган кол салууларда араларында аялдар жана балдар да болгон көп сандаган кишинин жараланганы, түн ичинде түндүктөгү Сибалия аймагынын да бутага алынгандыгы айтылды. 

 



Тектеш кабарлар