АКШ Украинага кошумча жардам пакетин жарыялады
АКШ Украинага 1 миллирад 700 миң долларлык жаңы коопсузук жардам пакетин билдирди.
АКШ Украинага 1 миллирад 700 миң долларлык жаңы коопсузук жардам пакетин жарыялады.
АКШнын коргоо министрлигинин (Пентагон) жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө кошумча коопсуздук жардамдын Украинанын маанилүү коргонуу муктаждыктарын камсыздай турганы белгиленди.
Билдирүүдө жардам пакетинин Украинага абадан коргонуу тосмолору, ракета системалары, артиллерия үчүн ок-дары жана танкка каршы курал сыяктуу негизги мүмкүнчүлүктөрдү бергендиги белгиленди.
Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Кирби да телеконференция аркылуу өткөргөн пресс - брифингде Украина коопсуздук боюнча көмөктөшүү демилгесинин (USAI) 1,5 миллиард долларлык коопсуздук жардамына кошумча катары Ак үйдүн да президенттин ыйгарым укуктары боюнча Украинага 200 миллион долларлык жардам жөнөтө тургандыгын айтты.
Бул жардамдардын Украина коопсуздук боюнча көмөктөшүү демилгесинин пакетинен колдонулган жыйырманчы, 2021 - жылдын августунан бери Пентагондун инвентаризациясынан берилген 62-жабдык экендиги белгиленди.
Украина коопсуздук боюнча көмөктөшүү демилгесинин Пентагондун жол башчылыгында Россияга каршы Украина армиясынын дагы көп машыктырылышы, куралдандырауу жана кеңеш берүү максатында болжол менен 50 өлкөнү камтыган каржылоо программасы катары ишке ашырылат.