Хамастан 3-август чакырыгы

Ханийе 3-августту Газа элине жана Израил түрмөлөрүндөгү туткундарга колдоо көрсөтүүнүн улуттук жана эл аралык күнү деп жарыялап, бардык ислам, араб жана дүйнө өлкөлөрүн бул күнү демонстрацияларга чакырды.

2168167
Хамастан  3-август чакырыгы

Хамастын саясий бюросунун башчысы Исмаил Ханийе бардык араб, ислам жана дүйнө өлкөлөрүн 3-август ишемби күнү Газа элине жана Израиль түрмөлөрүндөгү палестиналык туткундарга колдоо көрсөтүү үчүн көчөгө чыгууга чакырды.

Исмаил Ханийе Хамастын интернет сайтындагы билдирүүсүндө Израилдин 10 айдан бери Газа элине  геноцид кылып жатканын, Израилдин түрмөлөрүндө каза болгон туткундардын санында болуп көрбөгөндөй көбөйүү болгонун, туткундардын жашаган шарттары тууралуу системалуу түрдө каралоо кампаниясы жүрүп жатканын, Газада кармалган туткундарга карата психологиялык жана физикалык кыйноо, жай өлтүрүү, дарылоо, тамак-аш жана дары-дармектен ажыратуу сыяктуу кылмыштар кылынганын белгиледи.

Билдирүүдө Ханийе эл аралык коомчулуктун Палестина элине жана туткундарына болуп жаткан бул кол салууларды токтотууга кудуретсиз экенин, Америка башкаруусунун бул кол салууларды колдогонун, адам укуктары мекемелеринин болсо Газа калкы менен абактардагы туткундарга керектүү колдоону көрсөтө албаганын баса белгиледи.

Ханийе 3-августту Газа элине жана Израил түрмөлөрүндөгү туткундарга колдоо көрсөтүүнүн улуттук жана эл аралык күнү деп жарыялап, бардык ислам, араб жана дүйнө өлкөлөрүн бул күнү демонстрацияларга чакырды.

Хамас лидери демонстрациялардын Израилдин Газа калкына жана туткундарга кол салуулары токтогонго чейин уланышын каалады.



Тектеш кабарлар