Израилдин согуштук учактары Хизбуллахтын турумдарына сокку урду
Израилдин расмий телеканалы KAN билдиргендей, Израилдин согуштук учактары Ливандын түштүгүндөгү Хизбуллахтын позицияларына сокку урду.
Израилдин аба күчтөрүнө таандык согуштук учактар түнү Ливандын түштүгүндөгү Хизбуллах көзөмөлдөгөн пункттарга чабуул жасады.
Израилдин расмий телеканалы KAN билдиргендей, Израилдин согуштук учактары Ливандын түштүгүндөгү Хизбуллахтын позицияларына сокку урду.
Кабарда абадан кол салуу тууралуу кеңири маалымат берилбесе да, Израиль армиясынан бул темага байланыштуу азырынча эч кандай билдирүү жасала элек.
Ливан тараптан да кол салуулар тууралуу эч кандай билдирүү жасалган жок.
27-июлда Израиль басып алган Голан дөңсөөлөрүндөгү дүрзилердин Маждел Шамс шаарчасындагы футбол талаасына ракеталык чабуулдун натыйжасында 12 киши каза болгондон кийин Израиль армиясы менен ансыз да кагылышуу болуп жаткан Хизбуллах кыймылынын ортосундагы чыңалуу дагы күчөдү.
Израилдин коопсуздук кабинети премьер-министр Биньямин Нетаньяху менен Коргоо министри Йоав Галлантка Маждел Шамс чабуулу үчүн Хизбуллахтан өч алуунун убактысын жана мүнөзүн аныктоону тапшырган.
Тектеш кабарлар
3 өлкө Израилге каттамдарын токтотту
Италия, Франция жана Грецияга таандык аба жолдору коопсуздук үчүн Израилге каттамдарын токтотту.