Канададагы үрөйдү учурган токой өрттөрү
Би-Би-Сиде көрсөтүлгөн сүрөттөр 19-июлдан бери Жаспер аймагында күчөгөн жана Канаданын туристтик аймагы Жаспер улуттук паркына жайылган токой өрттөрүнүн артында калган кыйроону көрсөттү.
Канаданын Альберта провинциясындагы Жаспер аймагындагы токой өртүндө унаалар жана үйлөр күйүп кетти.
Би-Би-Сиде көрсөтүлгөн сүрөттөр 19-июлдан бери Жаспер аймагында күчөгөн жана Канаданын туристтик аймагы Жаспер улуттук паркына жайылган токой өрттөрүнүн артында калган кыйроону көрсөттү.
Альбертада болжол менен 25 миң кишинин эвакуацияланышына себеп болгон өрттөрдүн Жаспер улуттук паркындагы 1113 курулуштун 358ин кыйратканы белгиленди.
Өрт учурунда үйүнөн ажыраган Жаспер шаарынын мэри Ричард Ирланд үйүнөн бир гана эскерүүлөр калганын жана көптөгөн адамдардын ушундай абалда болгонун айтты.
Жаспердеги токой өрттөрүнөн кийин тартылган сүрөттөр жалындын канчалык күчтүү болгонун, ал эми унаалар эрип, үйлөр күлгө айланганын көрсөттү.
Жооптуу кызматкерлер өрттүн келип чыгуу себептеринин иликтенип жатканын, өрт өчүрүү топторунун салкындаган аба жана жамгырдан пайдаланып ысык жерлерди көзөмөлгө алганын билдирди.
Дүйшөмбүдөн тарта аба температурасынын кайрадан жогорулашы күтүлгөнүн белгилеген жетекчилер, Альберта провинциясында 48 көзөмөлсүз токой өртүнүн уланып жатканын билдиришти.
Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо өз билдирүүсүндө Түштүк Африка, Австралия, Мексика жана Жаңы Зеландиядан келген өрт өчүрүүчүлөр Альберта жана Британ Колумбия провинцияларындагы өрттөрдү өчүрүүгө жардамга барарын билдирди.