Камала Харрис шайлоо кампаниясын ТикТокко алып барды

Америкалык CNBC каналынын сайтындагы кабарга караганда, Харрис өзүнүн TikTok эсебинде "@kamalaharris" аттуу видеону жарыялады.

2168125
Камала Харрис шайлоо кампаниясын ТикТокко алып барды

АКШнын президенти Жо Байден жарыштан баш тарткандан кийин Демократиялык партиянын талапкери болгон вице-президент Камала Харрис президенттик шайлоо өнөктүгүндө TikTok социалдык медиа платформасын колдоно баштады.

Америкалык CNBC каналынын сайтындагы кабарга караганда, Харрис өзүнүн TikTok эсебинде "@kamalaharris" аттуу видеону жарыялады.

5-ноябрдагы президенттик шайлоо өнөктүгү үчүн ТикТокто бөлүшкөн видеодо Харрис: "Мен жакында эле менин видеолорум TikTokтун башкы бетинде жарыяланганын уктум. Ошондуктан платформага жеке кошулгум келди",- деди. 

Харристин 2,5 миллиондон ашык жолдоочусу бар.

Жекшемби күнү, 21-июлда өзүнүн X эсебиндеги билдирүүсүндө Байден президенттик жарыштан баш тартып, анын ордуна вице-президент Харристи сунуштаганын жарыялады.

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп дагы июнь айында президент болуп турганда улуттук коопсуздук үчүн тыюу салууга аракет кылган ТикТокко кошулган.

"Бул жерде болуу сыймык",- деп айткан видеодо Трамптын эсеби ачылгандан кийин анын жолдоочуларынын саны аз убакыттын ичинде миллиондон ашты.



Тектеш кабарлар