Газада 1 миллион 300 миңден ашуун палестиналык көчтү

Газадагы Жарандык коргонуу директорлугунун Telegram эсебинен жасалган билдирүүдө, Израилдин кургактык кол салуулары башталган 27-октябрдан бери үйлөрүн таштап кеткен палестиналыктардын баш калкалоочу борборлорго көчүүгө мажбур болгондугу белгиленди.

2168000
Газада 1 миллион 300 миңден ашуун палестиналык көчтү

Газа тилкесинде 1 миллион 300 миңден ашуун палестиналык көчүүгө аргасыз болду.

Газадагы Жарандык коргонуу директорлугунун Telegram эсебинен жасалган билдирүүдө, Израилдин кургактык кол салуулары башталган 27-октябрдан бери үйлөрүн таштап кеткен палестиналыктардын эң негизги муктаждыктары да камсыздалбаган баш калкалоочу борборлорго көчүүгө мажбур болгондугу белгиленди.

Билдирүүдө «Газадагы бардык үй-бүлөлөр кеминде бир жолу, айрымдары болжол менен 9 жолу жер которгондугу жана бул Женева конвенциясына жана эл аралык гуманитардык укукка каршы келгени», Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) отчетунда белгиленгени маалымдалган.

Газада 1 миллион 300 миңден ашуун палестиналыктын үй-жайын таштап ар кайсы аймактарга көчкөндүгү, миграциянын көбүнүн түндүктөн түштүккө болгондугу билдирилди.

Билдирүүдө жүз миңдеген адам баш калкалаган жерлердин коопсуз болбогону жана миңдеген жер которгон палестиналыктын, көбү балдар жана аялдардын Израилдин кол салууларында каза болгондугу, эл аралык гуманитардык укуктун бардык жарандардын корголушун кепилдегени жана коркутуу, зордук-зомбулук же ачкачылык аркылуу аргасыз миграцияга тыюу сала турганы баса белгиленди.

Израилдин акыркы жумаларда баш калкалоочу борборлорго кол салууларын күчөткөнүнө көңүл бурулган билдирүүдө, Дейр эл-Белахта качкындар баш калкалаган Хадиче мектебине кечээ болгон кол салууда 15и бала 8и аял 31 кишинин каза болгону, ондогон кишинин жараланганы белгиленди.



Тектеш кабарлар