Нетахьяху АКШ Конгрессинде
Беньямин Нетаньяху АКШ Конгрессинин лидерлеринин чакыруусу менен Конгресстин биргелешкен жыйынында болжол менен 1 саатка созулган сөз сүйлөдү.
Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху миңдеген палестиналык каза болгон Газадагы Рафах шаарында «эч бир жай тургундардын өмүрү кыйылган жок» деп билдирди.
Беньямин Нетаньяху АКШ Конгрессинин лидерлеринин чакыруусу менен Конгресстин биргелешкен жыйынында болжол менен 1 саатка созулган сөз сүйлөдү.
Нетаньяху АКШнын президенти Жо Байденге 7-октябрдан бери уланып жаткан Газа тилкесиндеги кол салууларда өлкөсүнө көрсөткөн колдоосу жана «намыстуу сионист» экенин айтканы үчүн ыраазычылык билдирди.
Нетаньяху Газада карапайым калктын өлтүрүлүшү жөнүндөгү билдирүүлөрдүн «жалган» экенин айтты жана : «Уккан бардык калптарга карабастан, шаардык согуштардын тарыхында Газа согушпаган жарандардын жоготуулары согушкерлердин жоготууларына салыштырмалуу эң аз жер», - деди.
Өткөн жумада Рафахка барып, армия командирлери менен жолукканын айткан Нетаньяху, «Канча карапайым киши каза болду» деген суроого «бомба сыныктары ХАМАСтын куралдуу мүчөсүнө тийип, капыстан жыйырмадай киши каза болгон бир гана окуядан тышкары, бир дагы карапайым адам набыт болгон жок» деген жооп алганын айтып чыкты.
Израилдин премьер-министринин бир саатка жакын созулган сүйлөгөн сөзүнүн ар бир сүйлөмүнүн аягында конгресстин мүчөлөрү тарабынан узакка созулган кол чабуулар менен коштолгондугу көңүл бурду.