Нетаньяху израилдик туткундардын бошотулушун камсыздай турган келишимдин бышып жетилгенин билдирди
Премьер-министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, АКШга барган Нетаньяху бул өлкөдө Газа тилкесиндеги туткундардын үй-бүлө өкүлдөрү менен биринчи жолу жолугушту.
Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху 7-октябрдагы чабуулдардан бери Газа тилкесинде кармалып турган израилдик туткундардын бошотулушун камсыздай турган келишимдин бышып жетилгенин билдирди.
Премьер-министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, АКШга барган Нетаньяху бул өлкөдө Газа тилкесиндеги туткундардын үй-бүлө өкүлдөрү менен биринчи жолу жолугушту.
«Туткундардын кайтарылышы үчүн шарттардын ХАМАСка басым жасаганы үчүн бышып жетилгенин» талкуулаган Нетаньяху туткундарды мекенине алып келүүнүн Газа тилкесинде 7-октябрдан бери уланып жаткан кол салуулардын максаттарынын бири экенин белгиледи.
Жолугушуудан кийинки билдирүүсүндө Нетаньяху Хамаска кол салуулардан баш тартпай турганын белгилеп, Хамаска кол салуулардан баш тартуунун Израилди Ирандын алдында коркунучка алып келерин айтты.
Газа тилкесиндеги туткундарды алмашуу жана ок атышпоо келишимине байланыштуу Хамас менен Израилдин ортосунда уланып жаткан кыйыр сүйлөшүүлөр тууралуу баа берген Нетаньяху : «Келишимге байланыштуу шарттар эч күмөнсүз жетилүүдө. Бул жакшы жышаан»,-деди.
Нетаньяху сүйлөшүүлөр боюнча чечкиндүү болушса келишимге жетише аларына ишенгендерин белгилеп: «Бул процесс экенин алдын ала айтам. Тилекке каршы, баары бир заматта болбойт, этаптары болот. Бирок мен ишенем Келишим менен алдыга жыла аларыбызды жана бул бизге калган барымтадагыларды бошотууга күч берет»,-деп айтты.
Газада 116 израилдик туткун бар экени билдирилсе, алардын 44үнүн өлгөнү болжолдонууда.