Израилдин борбор шаары Тель-Авивге УУА менен чабуул коюлду
Баш калаа Тель-Авивдин борборунда, Америка элчилигинин жанында (УУА) болгон жардыруудан бир кишинин каза болгону, төрт кишинин жараланганы билдирилди.

Израилдин борбор шаары Тель-Авивге учкучсуз учуучу аппараттын (УУА) кол салуусунда 1 киши каза болуп, 4 киши жараланды.
Баш калаа Тель-Авивдин борборунда, Америка элчилигинин жанында болгон жардыруудан бир кишинин каза болгону, төрт кишинин жараланганы билдирилди.
Израилдин өзгөчө кырдаал кызматы Давид Кызыл Жылдызынан жасалган билдирүүгө караганда, 50 жаштардагы бир киши жарылуунун сыныктары тийип каза болду. Медициналык топтор экөө үйдө, экөө көчөдө жарылуунун сыныктарынын чачырашынан жаракат алган төрт кишиге жардам көрсөтүштү.
Израиль армиясынын басма сөз катчысынын билдирүүсүнө караганда, Тель-Авивдеги жардыруу «аба элементинен» улам болуп, эскертүү сиреналары угулган жок.
Кол салууга байланыштуу иликтөө иштери башталганы, аймакта коопсуздук бөлүмдөрүнүн иш алып барганы белгиленди.
Израиль аба күчтөрүнүн Израилдин аба мейкиндигин коргоо үчүн күзөт иштерин күчөткөнү, армиянын коомчулукка коопсуздук эскертүүсүндө эч кандай өзгөрүү болбогону белгиленди.
Бир тараптан Иран колдогон хуситтердин Йемендеги аскердик катчысы Яхья Сери X социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө Тель-Авивге кол салуу болгонун ырастап, бирок чоо-жайын кийинчерээк жарыялай тургандарын айтты.
Хуситтер 7-октябрдан бери Газага карай уланып жаткан кол салууларынан улам Израилге учкучсуз учуучу аппараттар жана ракеталар менен жооп иретинде кол салышканын мурда жарыялашкан жана бул кол салуулардын видеолорун бөлүшүшкөн.