Украинага F-16 колдоосу...

Блинкен АКШнын борбор шаары Вашингтондо НАТО саммитинин алкагында өткөрүлгөн «НАТОнун коомдук форуму» иш-чарасында сөз сүйлөдү.

2161617
Украинага F-16 колдоосу...

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Дания менен Нидерландиянын F-16 согуштук учактарын Украинага өткөрөөрүн жана учактардын быйыл жайда Украинага жете турганын билдирди.

Блинкен АКШнын борбор шаары Вашингтондо НАТО саммитинин алкагында өткөрүлгөн «НАТОнун коомдук форуму» иш-чарасында сөз сүйлөдү.

Украинанын Орусиянын баскынчылыгына таасирдүү жооп бериши үчүн колдоонун улана турганын белгилеген Блинкен, колдоо үчүн абдан күчтүү пакеттин үстүндө иштеп жаткандарын белгиледи.

Блинкен Дания менен Нидерландиянын F-16 согуштук учактарын Украинага өткөрөөрүн, учактардын быйыл жайында Украинага жете турганын айтты.

АКШнын мамлекеттик катчысы: "F-16 согуштук учактары ушул жайда Украинанын асманында учат",- деди.

Украинага колдоо Норвегиядан да келди.

Норвегия өкмөтү Орусияга каршы согушта коргонуу аракетин арттыруу үчүн Украинага 6 даана F-16 учагын белек кыла турганын жарыялады.

Норвегиянын премьер-министри Йонас Гар Сторе F-16 учактарынын Украинага жеткирилишинин быйыл башталышы пландалганын айтты.



Тектеш кабарлар