Түштүк Африкада испаниялык турист пилдердин колс алуусунда каза болду

Түштүк Африка полициясы берген маалыматта  паркта  пилдердин үйүрүн жакындан сүрөткө тартуу үчүн унаасынан түшкөн  43 жаштагы эркек туристтин пилдердин кол салуусунда каза болгондугу белгиленди.

2161338
Түштүк Африкада испаниялык турист пилдердин колс алуусунда каза болду

Түштүк Африкадагы Пилланесберг улуттук паркын зыярат кылган испаниялык турист пилдердин кол салуусунда  каза болду.

Түштүк Африка полициясы берген маалыматта  паркта  пилдердин үйүрүн жакындан сүрөткө тартуу үчүн унаасынан түшкөн  43 жаштагы эркек туристтин пилдердин кол салуусунда каза болгондугу белгиленди. 

Каза болгон киши  менен бир унаада болгон жана унаадан түшпөгөн башка  3 туристтин окуядан жаракат албастан кутулгандыгы айтылды. 

Түштүк Африка, Ботсвана, Замбия жана Зимбабве дүйнөдөгү эң көп пил жашаган өлкөлөрдүн катарына кирет. Бул аймактагы улуттук парктар түзгөн коопсуз чөйрөдө саны тездик менен көбөйүп жаткан пилдер өздөрүн коркунучта сезгенде адамдарга да кол салышы мүмкүн.

Парктын жетекчилери келген кишилердин унаалардан түшпөө жана унаа менен да болсо пил үйүрүнө  жакындабоо тууралуу эскертишүүдө. 

Окуя болгон Пилланесберг улуттук паркы Йоханнесбург шаарына 3,5 сааттык алыстыкта жана шаарга келген туристтер тандаган сафари жерлеринин арасында орун алууда. 

 

 



Тектеш кабарлар