Орус армиясындагы индиялык жарандар

Индия  Украинада согуш аймагында орус армиясына кошулган жарандарынын мөөнөтүнөн мурда  демобилизациялоо боюнча Россиянын  убада бергендигин билдирди.

2161500
Орус армиясындагы индиялык жарандар

Индия  Украинада согуш аймагында орус армиясына кошулган жарандарынын мөөнөтүнөн мурда  демобилизациялоо боюнча Россиянын  убада бергендигин билдирди.

Индиянын тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта премьер  - министр Нарендра Мудинин Россияга жасаган сапарында Украинадагы согушка катышкан Индия жарандары маселесин көтөргөндүгү белгиленди. 

Билдирүүдө : "Россия орус армиясында кызмат кылган Индия жарандарын мөөнөтүнөн мурда демобилизациялоо боюнча убада берди",- деп айтылып, согуш аймагында  35 - 50  Индия жаранынын бар экендиги билдирилди. 

Россия  - Украина согушунда орус армиясына кошулган 4 Индия жаранынын каза болгондугу билдирилген. 

Индия Борбордук териштирүү бюросу 7 -  мартта кеминде  35 Индия жаранынын агенттердин жардамы менен Россияга алып барылгандыгын билдирген жана  бул кишилердин согуш үчүн машыктырылгандыгы, каалабаса да Россия  - Украина согушуна катышкандыгы айтылган. 

Индиянын тышкы иштер министрлиги да 8 -  мартта Индия жарандарынын орус армиясында жумушка орношуу убадасы менен алданып, Россияга алып барылгандыгын ырастаган. 

 



Тектеш кабарлар