Европа Биримдиги Хан Юнустагы мектептин бутага алынышын айыптады

Жозеп Боррелл X эсебиндеги билдирүүсүндө Хан Юнус шаарындагы мектепке жасалган кол салууда ондогон кишинин каза болгонун белгиледи.

2161437
Европа Биримдиги  Хан Юнустагы мектептин бутага алынышын айыптады

Европа Биримдиги  Израиль армиясынын Газа тилкесиндеги Хан Юнус шаарында жер которгон жарандар баш калкалаган мектепке жасаган кол салууну айыптады.

Европа Биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррелл X эсебиндеги билдирүүсүндө Израиль армиясынын Хан Юнус шаарында жер которгон палестиналыктар баш калкалаган мектепке жасаган кол салуусунда ондогон кишинин каза болгонун белгиледи.

Кол салууга "Бейкүнөө адамдар бул кагылышуунун жүгүн качанкыга чейин көтөрөт",- деген сөздөр менен каршылык көрсөткөн Боррел : "Эл аралык мыйзамдын бардык эрежелеринин бузулушун  айыптайбыз. Күнөлүүлөр жоопко тартылышы керек",- деди. 

Боррел чыга албаган кишилерге убакыт берүү, бардык туткундарды бошотуу жана гуманитардык жардамдардын жеткирлиши үчүн "дароо ок атууну токтотуу" чакырыгын кайталады.

Израиль армиясынын кечээ Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан Юнус шаарында жер которгон палестиналыктар баш калкалаган мектепке жасаган кол салууда  29 киши каза болуп, 500дөн ашуун киши жараланган. 

Израиль эл аралык бардык эскертүүлөргө карабастан Газа тилкесинде жарандар болгон аймактарды бутага алууну улантууда. 

 



Тектеш кабарлар