АКШнын Виржиния штатында мектептерде уюлдук телефондордун колдонулушуна чектөө киргизилди

Виржиния губернатору Глен Янгкиндин мамлекеттик мектептерде уюлдук телефон колдонууга чектөө же тыюу салуу буйругуна байланыштуу жазуу түрүндө билдирүү жасалды.

2161480
АКШнын Виржиния штатында мектептерде уюлдук телефондордун колдонулушуна чектөө киргизилди

АКШнын Виржиния штатында мамлекеттик мектептердеги окуучулардын сабак учурунда уюлдук телефондорду жана социалдык тармактарды колдонуусуна чектөө киргизүү чечими кабыл алынды.

Виржиния губернатору Глен Янгкиндин мамлекеттик мектептерде уюлдук телефон колдонууга чектөө же тыюу салуу буйругуна байланыштуу жазуу түрүндө билдирүү жасалды.

Билдирүүдө изилдөөлөрдүн сабак учурунда уюлдук телефонун колдонгон окуучулардын билим алуусуна терс  таасир тйгизгендиги жана окуучулардын  төмөн баа  алып жаткандыгы баса белгиленди. 

Билдирүүдө окуучулардын билим берүү маалында уюлдук телефон колдонуусун чектөө же тыюу салуу үчүн кадамдардын таштала турганы, уюлдук телефон жана социалдык медианы колдонуудан улам жаштар арасында «психикалык жактан  кризистин күчөп баратканы» айтылды.

Виржиния Билим берүү департаментинин басма сөз катчысы Тодд Рид  билдирүүсүндө губернатордун чечимине ылайык аныкталган эрежелердин мектептерде 2025 - жылдын январь айына чейин күчүнө кириши максатталганын айтты.

Калифорния штатында да Лос - Анджелес бирдиктүү мектеп округунун директорлор кеңеши июнь айында окуучулардын сабак учурунда   уюлдук телефондорду жана социалдык медиа платформаларын колдонууга тыюу салуу чечимин жактырган.

 

 



Тектеш кабарлар