Температура өнөр жайга чейинки мезгилге салыштырмалуу 1,64 градуска жогорулады

Европа Биримдигинин (ЕБ) Коперник Климаттын өзгөрүү кызматынын маалыматына караганда июнь айында температура 1850-1900-жылдар арасындагы орточо температурадан 1,5 градуска жогорулап, «катары менен эң жылуу 12-ай» болду.

2160663
Температура өнөр жайга чейинки мезгилге салыштырмалуу 1,64 градуска жогорулады

2023-жылдын июль айынан 2024-жылдын июнь айына чейин жер бетиндеги температура өнөр жайга чейинки мезгилге салыштырмалуу 1,64 градуска жогорулады.

Европа Биримдигинин (ЕБ) Коперник Климаттын өзгөрүү кызматынын маалыматына караганда июнь айында температура 1850-1900-жылдар арасындагы орточо температурадан 1,5 градуска жогорулап, «катары менен эң жылуу 12-ай» болду.

Дүйнө жүзү боюнча акыркы 12 айдын орточо температурасы 1991-2020-жылдардын орточо температурасынан 0,76 градуска жогору болсо, 1850-1900-жылдагы орточо температурадан 1,64 градус жогору болду.

Коперник Климаттын өзгөрүү кызматынын (Copernicus Climate Change Service) директору Карло Буонтемпо "The Guardian" гезитине берген маалымдамасында, климаттын өзгөрүшү уланган сайын температура боюнча жаңы рекорддор жаңылана турганын, парник газдары атмосферага жана океандарга чыгышы менен бул процесстин сөзсүз болоорун айтты.

Климаттын өзгөрүшү боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын (IPCC) акыркы отчетуна ылайык, температуранын 1,5 градуска жогорулашы тропикалык коралл рифтеринин 70-90 пайызын жок кылышы мүмкүн, ал эми 2 градуска чейин ысышы бүтүндөй рифтердин жок болушуна алып келиши мүмкүн.



Тектеш кабарлар