Сребреница жүрүшү башталды

Бул жылы  20 -  уюштурулган "Тынчтык жүрүшүнө" катышкан 6 миңге жакын киши Незук шаарында чогулушту. Жүрүшкө  Босния  - Герцеговина менен бирге Түркиядан да катышкандар бар.

2160418
Сребреница жүрүшү башталды
srebrenitsa baris yuruyusu.jpg
srebrenitsa baris yuruyusu.jpg

1995 - жылы Босния - Герцеговинадагы Сребреница геноцидин эскерүү үчүн  уюштурулган Тынчтык жүрүшү башталды.

1995 - жылы Босния -  Герцеговинанын чыгышындагы Сребреницада жасалган геноцидден качууну каалаган босниялык жарандар Тузла шаарына баруу үчүн  колдонгон токой жолунда салттуу түрдө уюштурулган «Тынчтык жүрүшү» үчүн Незук шаарынан жолго чыгышты. 

Бул жылы  20 -  уюштурулган "Тынчтык жүрүшүнө" катышкан 6 миңге жакын киши Незук шаарында чогулушту. Жүрүшкө  Босния  - Герцеговина менен бирге Түркиядан да катышкандар бар. 

Түркиянын Сараеводогу элчиси Садык Бабүр Гиргин да жүрүшкө катышкандардын арасында. 

Жүрүш менен геноциддин эч качан унутулбашы үчүн дүйнөгө  тынчтык билдирүүсү берилет. 

Кыргындардан улам «өлүм жолу» деп да сыпатталган токой жолунда 3 күндүк жөө жүрүш катышуучулардын 10 - июлда Поточари мемориалдык көрүстөнүнө баруу аяктайт.

Эскерүү иш - чаралары 11 - июлда өткөрүлөт. Быйыл өтө турган эскерүү иш - чараларында дагы 14 курмандыктын сөөгү коюлат.

1995 - жылы 11 - июлда Ратко Младичтин жетекчилигиндеги серб аскерлери Сребреница шаарын басып алгандан кийин Бириккен Улуттар Уюмунун астындагы недерландиялык  аскерлерге баш калкалаган босниялык жарандар  андан кийин сербдерге өткөрүлүп берилген.

юалдар менен аялдардын бошняк аскерлердин көзөмөлүндөгү аймакка барууларына уруксат берген сербдер  кеминде 8 миң  372  бошняк эркекти токой аянттарында, заводдордо жана кампаларда кыргынга учуратты. Кыргындалган бошняктар массалык көрүстөндөргө көмүлдү.

Согуштан кийин жоголгондорду табуу үчүн башталган иштерде массалык мазарлардан сөөктөрү табылган кырмандыктар күбөлүктөрү аныкталгандан кийин жыл сайын 11 -  июлда Поточари мемориалдык көрүстөнүндө уюштурулган азем менен жерге берилүүдө.

Поточари мемориалдык көрүстөнүндө ушул кезге чейин  6 миң  751 сөөк коюлуп, 250 кишинин сөөгү үй  - бүлөлөрүнүнкаалоосу менен жергиликтүү мазарларга коюлду. 

Сребреница геноцидинде каза болгон 1000ден ашуункишинин сөөгү табыла элек.

 

 

 



Тектеш кабарлар