Швециялык министрдин Тркия менен болгон мамилелери

Швециянын тышкы иштер министри Тобиас Биллстрем борбор калаа Стокгольмдо журналисттердин суроолоруна жооп берди.

2159540
Швециялык министрдин Тркия менен болгон мамилелери

Швециянын тышкы иштер министри Тобиас Биллстрем өлкөсү менен Түркиянын ортосунда «мыкты» карым-катнаштар бар экенин белгилеп, НАТО саммитинде тышкы иштер министри Хакан Фидан менен жолугушууну пландаганын айтты.

Тобиас Биллстрем борбор калаа Стокгольмдо суроолорго жооп берип жатып: «Түркия менен жакшы карым-катнашыбыз бар, анткени НАТОго мүчөлүгүбүз аркылуу азыр толук аскердик союздаш болдук»,-деди.

Литванын борбор шаары Вильнюста Түркия менен НАТОнун ортосунда үч тараптуу жолугушууда макулдашылган коопсуздук келишимине өлкөсүнүн кирүү алдында турганын белгилеген Биллстрем : «Мен жеке өзүм иш пландалгандай жылып баратканын сезип жатам»,-деп айтты.

9-11-июль аралыгында Вашингтондо боло турган НАТО саммитин чыдамсыздык менен күткөнүн айткан Биллстрем : «Кесиптешим Хакан Фидан менен эң кыска убакта, НАТО саммитинде келерки жумада Вашингтондо жолугушууну чыдамсыздык менен күтөм»,-деп айтты.

Швециялык министр Израилдин Газага уланып жаткан кол салууларына карата өлкөсүнүн позициясы тууралуу төмөнкүлөрдү айтты:« «Швеция ар дайым гуманитардык ок ​​атышууну токтотууну мүмкүн болушунча тез арада камсыз кылууга умтулат, жана ошондой эле бардык туткундардын бошотулушун, Израиль менен Палестина мамлекет катары жанаша турган жана дүйнөнүн калган бөлүгү бул эки элге коопсуздук кепилдигин берген эки мамлекеттүү чечим үчүн сүйлөшүүлөргө кайтып келүүнү жактайт».



Тектеш кабарлар