Столтенберг - Байден жолугушуусу

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг АКШнын жүгүн азайтуу үчүн НАТОнун Украинага карата коопсуздук жардамы жана машыктырууда жол башчылык кыларын билдирди.

2153882
Столтенберг -  Байден жолугушуусу

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг АКШнын жүгүн азайтуу үчүн НАТОнун Украинага карата коопсуздук жардамы жана машыктырууда жол башчылык кыларын билдирди.

Столтенберг АКШнын президенти Жо Байден менен Ак үйдөгү жолугушуудан кийин басма сөзгө маалымат берди.

НАТОнун Украинага карата жардамы жана машыктыруу үчүн жол башчылык ролду алуу боюнча келише тургандарын белгилеген Столтенберг : «Бул маанилүү, анткени Украинага берген колдоо сөз болгондо алдына ала билүү жана дагы көп жоопкерчиликти берет»,- деди.

Столтенберг ошол эле учурда АКШнын жүгүн азайтарын белгилеп, АКШ Конгрессинин Украинага карата 60 миллиард долларлык жардам чечимине да ыраазы болушкандарын белгиледи.

Украинага карата коопсуздук жардамдарды уюштурууда Германиядагы АКШ аскердик базасынан бериле турган маалыматты бөлүшкөн Столтенберг бул себеп менен НАТОго дагы чоң ролдун берилерин баса белгиледи.

Столтенберг Россиянын Украина менен болгон ок атышпоо келишиминин алдынкы шарты катары дагы көбүрөөк жер талап кылганына көңүлдөрдү буруп : «Бул тынчтык сунушу эмес, Россиянын Украинаны эгемендигинен жана территориясынан баш тартууга көндүрүү менен согуштагы максаттарына жетүү сунушу»,- деди.

Украинада туруктуу жана адилеттүү тынчтыкты түзүүнүн мыкты жолу аскердик жөндөмдүүлүктөрүн бекемдөө экендигин белгилеген Столтенберг мунун Украинанын эгемендүү, көз карандысыз улут катары жашоосуна шарт түзөрүн айтты.



Тектеш кабарлар