Сальвадордо сел жүрүп 5 киши каза болду

Экология  жана жаратылыш ресурстары министри Фернандо Лопес басма сөзгө берген маалыматында жалпы өлкөдө   катуу жааган жамгырдан улам  сел жүрүп, жер көчкү болгонун айтты

2153853
Сальвадордо  сел жүрүп 5 киши каза болду

Борбордук Америка өлкөсү Сальвадордо нөшөрлөп жааган жамгырдан улам болгон селде алгачкы маалыматтарга караганда 5 киши каза болду.

Экология  жана жаратылыш ресурстары министри Фернандо Лопес басма сөзгө берген маалыматында жалпы өлкөдө   катуу жааган жамгырдан улам  сел жүрүп, жер көчкү болгонун айтты.

Ушул кезге чейин 5 кишинин каза болгондугун белгилеген Лопез 600 кишинин эвакуациялангандыгын, 27 үйдөн зыян тарткандыгын жана  46 жер көчкү кабарынын келгендигин билдирди.

Издөө - куткаруу иштеринин улантылып жаткандыгын белгилеген Лопез 6 миң кишилик  100 баш калкалоочу жердин курулгандыгын жарыялады. 

Бир тараптан катуу жамгырдын улантылары жана айрым аймактарда өзгөчө кырдаалдын жарыяланары маалымдалды. 

 



Тектеш кабарлар