АКШ жана Британия Йемендин батышындагы Худейде шаарына абадан кол салды

Хуситтерге караштуу Ел  -  Месирах   телеканалынын кабарында АКШ менен Британиянын Эл аралык Худейде аэропортуна 6 жолу абадан кол салуу менен бутага алганы белгиленди.

2153884
АКШ жана Британия Йемендин батышындагы Худейде шаарына абадан  кол салды

АКШ жана Британия Йемендин батышындагы Худейде шаарына абадан 10 жолу кол салды.

Хуситтерге караштуу Ел  -  Месирах   телеканалынын кабарында АКШ менен Британиянын Эл аралык Худейде аэропортуна 6 жолу абадан кол салуу менен бутага алганы белгиленди.

АКШ мененБританиянын Йемендин Кызыл деңиздеги Камаран аралына 4 жолу абадан кол салуу жасаганы билдирилип, кол салуу жана натыйжалары тууралуу кеңири маалымат берилген жок.

Йеменде Иран тарабынан колдоого алынган хуситтер Израилдин Газадагы кол салууларына каршылык катары 2023 - жылдын 31 - октябрынан бери Йемендин жээктеринде израилдик фирмаларга караштуу экендиги белгиленген  коммерциялык кемелерди конфискациялап, айрымдарына да учкучсуз учуучу аппараттар жана  ракеталар менен кол салууда.  

Хуситтердин аракеттеринен улам көптөгөн жүк ташуучу компаниялар Кызыл деңиздеги каттамдарын токтотуу чечимин чыгарды.

АКШ глобалдык деңиз соода коопсуздугу коркунучта деген негиз менен2023 -жылы18 -декабрда бир нече өлкөнүн катышуусу менен хусит күчтөрүнө каршы «Рефах гвардиясынын операциясы» деген ат менен көп улуттуу «деңиз кызмат күчүнүн» түзүлгөндүгүн билдирди.

АКШ жана Британиянын Йеменде көзөмөлүндөгү аймактарга карата кол салуусу боюнча хуситтер бул эки өлкөнүн бардык кемелерин бутага аларын жарыялады.



Тектеш кабарлар