Түркия - Венгрия Fintech саммити

Түркия менен Венгриянын  Fintech  өнөктөштүгүнүн өлкөлөр ортосундагы сооданы көбөйтүүсү күтүлүүдө.

2153045
Түркия  -  Венгрия Fintech саммити

Түркия  -  Венгрия Fintech (каржы технологиялары) кызматташуусу  тууралуу жолугушуу Стамбулда...

Иш - чарада эки өлкөнүн ишкердик жана каржы технологиялары тармагында иш алып барган компаниялары жолугушту.

Саммитте каржы технологиялары тармагындагы акыркы окуялар, Венгрия менен Түркиянын ортосунда каржы технологиялары тармагындагы жаңы кызматташтыктар талкууланды. Санариптик банктык иштерден баштап инвестициялык технологияларга чейин көптөгөн тармактар ​​боюнча сүйлөшүүлөр өткөрүлдү.

Максаты – инвестицияны өз ара көбөйтүү.

Венгриянын Финтек Ассоциациясынын төрагасы Золтан Акс Түркиянын чоң базар экендигин айтты.

Иш - чаранын Fintech тармагында өнөктөштүктү түзүү үчүн маанилүү кадам экенин баса белгилеген Золтан Акс : «Мыкты програмисттерибиз бар. Математика жана инженерияда мыктыбыз. Өзгөчө мыкты дары  - дармек фирмаларыбыз да бар. Түркия болсо имараттарды жана инфраструктураларды курууда чоң мүмкүнчүлүккө ээ. Эгерде биз өзүбүздүн күчтүү жактарыбызды бириктире алсак,  биз чоң иштерди жасай алабыз деп ойлойм»,- деди.

Золтан Акс венгер фирмаларына Түркияда инвестиция салуу сунушун билдирди.

Түркия менен Венгриянын  Fintech  өнөктөштүгүнүн өлкөлөр ортосундагы сооданы көбөйтүүсү күтүлүүдө.

 



Тектеш кабарлар