"Ок атышпоо болбосо бир муун жок болот"

Филипп Лаззарини Израилдин кол салуулары астындагы Газа тилкесинде ок атышпоо келишими түзүлбөсө, бир муундун жок боло турганын эскертти.

2152900
"Ок атышпоо болбосо бир муун жок болот"

Бириккен Улуттар Уюмунун Палестиналык качкындарга жардам берүү боюнча агенттигинин (UNRWA) башкы комиссары Филипп Лаззарини Израилдин кол салуулары астындагы Газа тилкесинде ок атышпоо келишими түзүлбөсө, бир муундун жок боло турганын эскертти.

Филипп Лаззарини X эсебинде жарыялаган билдирүүсүндө кагылышууларда жана согуштарда эң биринчи жана эң көп кыйынчылык тарткандардын балдар экенин баса белгилеп, Газадагы абалдын да мындан айырмасынын жок экендигин  белгиледи.

Газалык балдардын дүйнөнүн эч бир жериндеги эч бир бала көрбөшү, жашабашы керек болгон нерселерди жашап жаткандыгын белгилеген Бириккен Улуттар Уюмунун Палестиналык качкындарга жардам берүү боюнча агенттигинин башкы комиссары  көптөгөн кишинин каза болгонун жана жаралангандыгын, тирүү калгандардын терең травма жашагандыгын айтты.

Израиль кол салууларынын натыйжасында  балдардын бир жылды билим албастан, оюн ойнобостон өткөргөндүгүн белгиледи.

Кол салуулардын Газадагы балдардын  балалыгын алгандыгын белгилеген жана ок атышпоого чакырган Лаззарини Газада ок атышпоо болбосо бир муундун жок болору тууралуу эскертти.

Израилдин 7 - октябрдан бери Газа тилкесине жасаган кол салууларында кеминде  15 миң 517си бала, 10 миң 279 аял болгон 37 миң 232 палестиналык каза болуп, 85 миң 37 киши жараланды.

Урандылардын астында дагы миңдеген сөөктүн бар экендиги билдирилип,  адамдар баш калкалаган ооруканалар жана билим берүү мекемелери бутага алынып жарандык инфраструктура да талкаланууда.



Тектеш кабарлар