НАТОнун Украинага жылдык 40 миллиард евролук жардам сунушу

Йенс Столтенберг Бельгиянын борбор шаары Брюсселде өткөрүлгөн НАТОнун коргоо министрлер жыйынынын биринчи күнкү отурумунун акырында басма сөзгө билдирүү жасады.

2152928
НАТОнун Украинага жылдык  40 миллиард евролук жардам сунушу

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг союздаш өлкөлөрдүн муктаж боло турган болсо Украинага жылдык кеминде 40 миллиард евролук аскердик жардамдарды камтыган жаңы колдоону сунуш кылгандыгын билдирди.

Йенс Столтенберг Бельгиянын борбор шаары Брюсселде өткөрүлгөн НАТОнун коргоо министрлер жыйынынын биринчи күнкү отурумунун акырында басма сөзгө билдирүү жасады.

Негизги күн тартиптин Украинаны колдоо экенин белгилеген Столтенберг, бул өлкөгө берилген аскердик колдоонун дээрлик бардыгынын НАТО союздаштары тарабынан берилгенин, жаңы пландын бул колдоону бекемдөө керектигин баса белгиледи.  

Союздаш өлкөлөрдүн Украинага жылдык аскердик колдоосунун 40 миллиард евронун тегерегинде экендигин белгилеген Столтенберг, бул сумманы минималдуу критерий катары белгилеп, Украинага муктаждык  болгондо берүүнү сунуштаганын айтты.



Тектеш кабарлар