New York Times Украинага Патриот системасын жиберүү боюнча чечим чыгарылгандыгын билдирди

Патриот системасынын келерки күндөрдө Украинага жибериле аларын билдирген жетекчилер бул чечимдин башка союздаш өлкөлөрдүн да аткаруусуна  үндөшү мүмкүн экенин белгилешти

2151957
New York Times Украинага Патриот системасын жиберүү боюнча чечим чыгарылгандыгын билдирди

Америка Кошмо Штаттарынын  бшкаруусу Украинага жаңы Патриот абадан коргонуу системасын жөнөтө тургандыгы билдирилди.

New York Times (NYT) гезитине маек берген жана  аты - жөнүнүн аталышын каалбаган  эки жогорку мартабалуу жетекчи президент Жо Байдендин өткөн аптада Украинага Патриот системасын жиберүү чечимин чыгаргандыгын айтышты.

Патриот системасынын келерки күндөрдө Украинага жибериле аларын билдирген жетекчилер бул чечимдин башка союздаш өлкөлөрдүн да аткаруусуна  үндөшү мүмкүн экенин белгилешти.

Жетекчилер АКШнын Коргоо министрлигинин (Пентагон) да Польшага Патриот батареясынын жайгаштырышы мүмкүн экендигин айтышты. Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолугушууда Украина үчүн Патриот абадан коргонуу системалары боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткандыгын билдирген. 

Германияда үчүнчү Патриот абадан коргонуу системасынын келерки жумаларда Украинага тапшырыларын жарыялаган. 

АКШнын президенти Жо Байден 6 айга созулган аскедик жардам иштеринен кийин  24 -  апрелде Украинага  61 миллиард долларлык жардам пакетине кол койгон. 

АКШнын коргоо министри Ллойд Остин да 26 -а прелде Украинага узак мөөнөттө  6 миллиард долларлык жаңы кошумча аскердик  жардам пакети берилерин билдирген. 

 



Тектеш кабарлар