Байден сөз сүйлөп жатканда каршылык көрсөтүлдү

Жо Байден Вашингтондо куралдуу зомбулуктун алдын алуу боюнча жыл сайын өтүүчү "Gun Sense University" конференциясына катышты.

2151854
Байден сөз сүйлөп жатканда каршылык көрсөтүлдү

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден борбор шаар Вашингтондо катышкан конференцияда «Газадагы геноцидге шериксиң» деп кыйкырган бир киши тарабынан каршылык көрсөтүлдү.

Жо Байден Вашингтондо куралдуу зомбулуктун алдын алуу боюнча жыл сайын өтүүчү "Gun Sense University" конференциясына катышты.

Байдендин сөз сүйлөөсү, залдагы бир адамдын "Газадагы геноцидге шериксиң" деп кыйкырганда токтоду.

Бир аз унчукпай калган Байден демонстрантка ачууланган залдагы катышуучуларды тынчтандырып, "Бейкүнөө балдар өлтүрүлдү, муну айткандардын укугу бар" деди.

Израилдин Газадагы кыргынына колдоо көрсөтүп жатат деп айыпталган АКШ президентинин сүйлөгөн сөздөрү, өзү катышкан көптөгөн иш-чараларда ушул сыяктуу нааразылык акциялары менен үзгүлтүккө учуроодо.    



Тектеш кабарлар