Россия өзөктүк курал машыгуусунун экинчи этабын баштады

Россиянын коргоо министрлиги стратегиялык эмес өзөктүк курал машыгуусунун экинчи этабына өтүлгөндүгүн билдирди.

2151494
Россия өзөктүк курал машыгуусунун экинчи этабын баштады

Министрликтин билдирүүсүндө президент Владимир Путиндин чечими менен стратегиялык эмес өзөктүк күчтөрдүн машыгуусунун экинчи этабы башталгандыгы белгиленип : «Машыгуунун жүрүшүндө Россия жана Беларусь куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрүнүн  стратегиялык эмес өзөктүк куралдарды согуштарда колдонууга карата биргелешкен машыгуу темалары изилденет»,- деп айтылды.   

Машыгуунун Россия  - Беларусь биримдик мамлекетинин эгемендүүлүгүн жана жеринин бүтүндүгүн шартсыз түрдө түзүү максатында түзүлгөндүгү белгиленген билдирүүдө Россия жана Беларуста стратегиялык эмес өзөктүтк куралдардын согушта колдонулушуна карата бөлүктөрдүн кызматкер жана каражаттардын даяр болушу максат кылынгандыгы баса белгиленди.

21 -  майда Россиянын коргоо министрлиги өлкөнүн Түштүк аскердик аймагында стратегиялык эмес өзөктүк куралдардын колдонулушуна карата машыгуу баштаткандыгын жарыялаган.

Министрлик машыгуунун айрым батыштык жетекчилердин Россияга каршы коркутууларды камтыган көкүтүүчү билдирүүлөрүнө жооп катары орус өзөктүк күчтөрүнүн даярдык көлөмүнүн жогорулатылышы, өлкөнүн жеринин бүтүндүгү менен эгемендигинин сакталышы максатында уюштурулгандыгына көңүлдөрдү бурган.

Россия өткөн жылы «НАТОнун башка өлкөлөргө тактикалык өзөктүк курал жайгаштырды» деген негиз менен Беларуска тактикалык өзөктүк курал жайгаштырган.



Тектеш кабарлар