Орусияда Су-34 учагы кулап түштү

Билдирүүдө учактын эки учкучунун тең каза тапкандыгы маалымдалды.

2151415
Орусияда Су-34 учагы кулап түштү

Орусияда Су-34 согуштук учагы кулап эки учкуч набыт болду.

Орусиянын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, Түндүк Осетия - Алания Республикасынын тоолуу аймагында Орусиянын Аба жана Космос күчтөрүнө таандык Су-34 согуштук учагынын пландалган машыгуу учуусу учурунда ээн жерге кулап түшкөнү белгиленди. 

Билдирүүдө учактын эки учкучунун тең каза тапкандыгы маалымдалды. 

Алгачкы аныктоолорго караганда учактын техникалык мүчүлүштүктөн улам кулаганы айтылган билдирүүдө, окуя болгон жерге Коргоо министрлигинин делегациясынын жөнөтүлгөнү кабарланды. 



Тектеш кабарлар