Швейцарияда Украина боюнча тынчтык конференциясы

Швейцария Конфедерациясынын төрагасы Виола Амхерд борбор шаар Бернде конференцияга байланыштуу маалымат жыйынын өткөрдү.

2151136
Швейцарияда Украина боюнча тынчтык конференциясы

Швейцарияда 15-16-июнда өтө турган Украина тынчтык конференциясына 90 өлкө жана мекеме катышат.

Швейцария Конфедерациясынын төрагасы Виола Амхерд борбор шаар Бернде конференцияга байланыштуу маалымат жыйынын өткөрдү.

90 өлкө жана мекеменин конференцияга катыша турганын ырастаганын белгилеген Амхерд, катышуучу мамлекеттердин болжол менен жарымынын Европадан экенин айтты.

Амхерд: «Катышуучу өлкөлөрдүн жарымы жогорку деңгээлде мамлекет башчысы, калгандары министрлер деңгээлинде өкүлдүк кылынат»,- деди.

15-16-июнь күндөрү Швейцариянын Нидвалден кантонундагы Бургенсток шаарында өтө турган Украина тынчтык конференциясында Орусия менен Украинанын ортосунда 2022-жылдын февраль айынан бери уланып жаткан согуш үчүн эл аралык укуктун негизинде туруктуу тынчтыкка жетишүүнүн жолдору каралат.

Швейцариялык расмий өкүлдөрдүн айтымында, конференция келечекте Орусиянын да катышуусун жана туруктуу тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн пайдубалын түптөөнү көздөйт.



Тектеш кабарлар