Хизбуллах Израилдин УУАсын атып түшүрдү

Ливандын маалымат каражаттарында жарыяланган кабарларга караганда, Ливандын аба мейкиндигин бузган Израилдин учкучсуз учуучу аппараты (УАА) түштүктөгү Рейхан аймагында урулгандан кийин кулап түшкөн.

2151154
Хизбуллах Израилдин УУАсын атып түшүрдү

Израиль армиясына таандык «Гермес 900 тибиндеги» учкучсуз учуучу аппараттын (УАА) Ливандын түштүгүндөгү бир аймакта атып түшүрүлгөнү билдирилди.

Ливандын маалымат каражаттарында жарыяланган кабарларга караганда, Ливандын аба мейкиндигин бузган Израилдин учкучсуз учуучу аппараты түштүктөгү Рейхан аймагында урулгандан кийин кулап түшкөн.

Учкучсуз учуучу аппараттын Хизбуллах тарабынан атып түшүрүлгөнү билдирилгени менен, Хизбуллахдан бул тууралуу азырынча билдирүү боло элек.

Израил армиясы Ливандын аймагында бир учкучсуз учуучу аппараты жер-аба ракетасы менен атып түшүрүлгөнүн жазуу түрүндө жарыя кылды.

«Хизбуллах» мындан мурда да Израилдин учкучсуз учуучу аппараттарын «жер-аба» ракеталары менен аткылаганы белгиленген.



Тектеш кабарлар