БУУ Газага жардам көрсөтүүнү токтотту

WFP Аткаруучу директору Синди Маккейн басма сөзгө жасаган билдирүүсүндө, жардам көрсөтүү аракеттери анын кызматкерлеринин коопсуздугуна байланыштуу тынчсыздануулардан улам токтотулганын айтты.

2151021
БУУ Газага жардам көрсөтүүнү токтотту

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БДП) «коопсуздуктан» улам Газадагы сүзүүчү кемеден гуманитардык жардамды убактылуу токтотту.

WFP Аткаруучу директору Синди Маккейн басма сөзгө жасаган билдирүүсүндө, жардам көрсөтүү аракеттери анын кызматкерлеринин коопсуздугуна байланыштуу тынчсыздануулардан улам токтотулганын айтты.

Израил армиясынын 4 туткунду куткаруу үчүн Нусайратка кол салууларында эки Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын кампасы ракеталар менен бутага алынганын белгилеген Маккейн: «Азырынча артка кадам таштадык. Биз (иш-аракеттерибизди) кайра баштоо үчүн коопсуздук шарттары аткарылганына ынангыбыз келет»,- деп айтты.

Газанын башка аймактарында да иш-аракеттерин уланткандарын белгилеген Маккейн: «Түндүк жана түштүктө колубуздан келгендин баарын кылууга аракет кылуудабыз»,-деди.

Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын кампаларынын бомбаланышында бир кызматкеринин жараланганын айткан Маккейн, Газага жетиштүү жардам жеткирүү үчүн чукул ок атышпоо керектигин айтты.

Израил армиясынын Газа тилкесинин борбордук бөлүгүндөгү Нусайрат баш калкалоочулар лагерине жана ар кайсы аймактарга бир убакта кургактыктан, абадан жана деңизден мурунку күнү жүргүзгөн катуу кол салууларында 64ү бала, 57си аял болгон 274 палестиналык каза болуп, 153 бала жана 161 аял болгон 698  палестиналыктын жараланганы билдирилди.

Кол салууларда 4 израилдик туткундун куткарылганы жарыяланды.



Тектеш кабарлар