Нусайратта каза болгондордун саны 274кө жетти

Кечээ Израиль Газа тилкесинин борборундагы Нусайрат качкындар лагерин жана анын тегерегин бутага алды.

2150544
Нусайратта каза болгондордун саны 274кө жетти

Израилдин Нусайрат качкындар лагерине кол салуусунан каза болгондордун саны 274кө жетти.

Кечээ Израиль Газа тилкесинин борборундагы Нусайрат качкындар лагерин жана анын тегерегин бутага алды.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген маалыматта Нусайрат качкындар лагерине жасалган кол салууда каза болгондордун саны 274кө жеткени билдирилди.

Билдирүүдө 698 палестиналыктын жараланганы, жаракат алгандардын айрымдарынын абалынын оор экени белгиленди.

Билдирүүдө урандылардын астында көп сандаган палестиналыктын бар экени, тез жардам жана жарандык коргонуу топторунун урандылардын астында калгандарга жете албаганы белгиленди.



Тектеш кабарлар