Нусайратка кол салган Израилге каршы чыгуулар уланууда...

Перс булуңунун Кызматташтык Кеңешинин башкы катчысы Будейви, өз билдирүүсүндө сөз болуп жаткан кол салууну айыптады.

2150547
Нусайратка кол салган Израилге каршы чыгуулар уланууда...

Перс булуңунун Кызматташтык Кеңеши Израилдин кечээ күнү Газанын борбордук бөлүгүндөгү Нусайрат качкындар лагерине 274 кишинин өмүрүн алган кол салуусун «карапайым калкты бутага алган болуп көрбөгөндөй мыкаачылык менен кылынган террордук кылмыш» деп мүнөздөдү.

Перс булуңунун Кызматташтык Кеңешинин башкы катчысы Будейви, өз билдирүүсүндө сөз болуп жаткан кол салууну айыптап, эл аралык коомчулукту «тарыхый жана моралдык жоопкерчилигин алууга жана Палестина элине карата кайталанган коркунучтуу кылмыштарды болтурбоо үчүн тез арада чара көрүүгө» чакырды.

Будейви: «Бул кол салуу болуп көрбөгөндөй мыкаачылык менен кылынган, коргонуусуз жарандарды бутага алган жийиркеничтүү террордук кылмыш», - деп айтты.

Кувейт жана Оман башкаруулары да кечээ Израиль армиясынын Нусайрат качкындар лагеринде палестиналыктарга карай «жапайы» кол салууларын айыптаганын жарыялашты.

Израиль армиясы кечээ Газа тилкесинин борбордук бөлүгүндө ар кайсы жерлерге кол салганын жана эки башка аймакта жалпы 4 израилдик туткундун тирүү куткарылганын жарыялады.

Израиль армиясынын Газа тилкесинин борбордук бөлүгүндөгү Нусайрат качкындар лагерине жана түрдүү аймактарга бир убакта кургактыктан, абадан жана деңизден кол салууларында кечээ 274 палестиналыктын каза болгондугу, 400дөн ашуун палестиналыктын жараланганы билдирилди.



Тектеш кабарлар