Грузиянын Орусияга шайлоого карата каршы чыгуусу

Грузиянын Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта, өлкөдөн бир тараптуу көз карандысыздыгын жарыялаган Түштүк Осетияда бүгүн парламенттик шайлоо деп аталган шайлоонун өткөнү эске салынды.

2150566
Грузиянын Орусияга шайлоого карата каршы чыгуусу

Грузиянын өкмөтү Түштүк Осетияда бир тараптуу көз карандысыздыгын жарыялаган жана Орусия Федерациясы тарабынан колдоого алынган деп аталган шайлоонун өткөрүлүшүн айыптады.

Грузиянын Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта, өлкөдөн бир тараптуу көз карандысыздыгын жарыялаган Түштүк Осетияда бүгүн парламенттик шайлоо деп аталган шайлоонун өткөнү эске салынды.

Билдирүүдө сөз болуп жаткан аймак Орусиянын басып алуусунда болгондуктан шайлоонун кабыл алынгыс болгону баса белгиленди.

«Орусия Федерациясын Грузиянын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн бузган аракеттерди токтотууга, анын ичинде 2008-жылдын 12-августунда Евробиримдиктин (ЕБ) ортомчулугу менен кол коюлган ок атууну токтотуу келишимин аткарууга жана Грузиянын аймагынан өз аскерлерин чыгарып кетүүгө чакырабыз»,- деп айтылды.

Грузиядан бир тараптуу көз карандысыздыгын жарыялаган Түштүк Осетиянын 34 орундуу парламентине өтүү үчүн 7 партия ат салышууда.

Түштүк Осетияда, Орусияда жана Түндүк Осетия аймагында деп аталган шайлоо үчүн жалпысынан 73 шайлоо участкасы түзүлдү.

Грузин армиясы менен Орусия колдогон абхазиялык жикчилдердин ортосунда 1992 жана 1993-жылдарды камтыган 13 ай бою согуш болгон.

Түштүк Осетия согушу деп аталган жаңжалдар 2008-жылы Орусия менен Грузиянын ортосунда башталып, согуштан кийин Орусиянын колдоосу менен Абхазия жана Түштүк Осетия аймактары Грузиядан бир тараптуу көз карандысыздыгын жарыялаган.

Орусия бул эки аймактын эгемендүүлүгүн 2008-жылы тааныган жана Грузия буга жооп кылып Орусия менен дипломатиялык мамилесин үзгөн.

Эки өлкөнүн дипломатиялык мамилеси үзүлгөндөн кийин Швейцария ортомчу ролду өзүнө алган.



Тектеш кабарлар